2-ноябрда Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинде «Кылым карыткан кыргыз театры» аттуу эки томдук китептин бет ачары өттү. Бул тууралуу Маданият Министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага министрдин орун басары Айбек Дайырбеков жана маданият, искусство тармагынын өкүлдөрү катышты.
Басылмада кыргыз театрынын түптөлүү тарыхы, өнүгүү этаптары жана улуттук театр искусствосуна салым кошкон инсандардын өмүрү, чыгармачылык жолу камтылган.
Иш-чара эл аралык илимий-практикалык конференция менен уланып, анда кыргыз театрынын тарыхы, учурдагы абалы жана келечектеги өнүгүүсү талкууланды.



