7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Талас жана Бакай-Ата райондорунун тургундарынын суроолоруна жооп берди

5

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда, Талас облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Талас шаарынын, Талас жана Бакай-Ата райондорунун тургундарынын суроолоруна жооп берди.

Аймактын жашоочулары айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо жана тарыхый эстеликтерди сактоо, газдаштыруу, мунапыс, аймактарды көрктөндүрүү жана социалдык инфраструктура объекттерин куруу, жер жана мүлк талаштары, саламаттык сактоо уюмдарында кадрлардын жана керебет-орундардын жетишсиздиги жана башка көптөгөн маселелерди көтөрүштү.

Мындан тышкары, кылмыш иштерине жана укук коргоо органдарынын аракеттерине байланыштуу кайрылуулар айтылды.

Мамлекет башчысы тиешелүү министрликтерге жана ведомстволорго жарандардын кайрылууларын иштеп чыгууну, ошондой эле кылмыш иштерин жана мүлк талаштарын объективдүү кароону камсыз кылууну тапшырды.

6