Ош облусунун Алай районундагы Кичи-Бүлөлү айылында 150 окуучуга ылайыкталган жаңы мектеп курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Жалпы наркы 80,5 миллион сомду түзгөн эки кабаттуу мектеп, заманбап үлгүдө курулган. Анда окуу класстары, лаборатория, компьютердик класс, ашкана, футбол аянтчасы, волейбол, баскетбол спорт аянтчалары да курулган.



