Президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо кенин өздөштүрүү тууралуу маалымат берди. Пландарга ылайык, 2031-2032-жылдары Кумтөр кениндеги карьерди иштетүү аяктайт. Андан кийин бардык техника Жетим-Тоо кенин өздөштүрүүгө багытталат.
Президент сөзүн улап, бүгүнкү күндө Талас өрөөнүндө аймактын башкы байлыгы жана чоңдугу боюнча Кыргызстандагы экинчи орундагы алтын кени – Жерүй кени иштеп жатканын айтты. Аны “Альянс Алтын” компаниясы иштетип, 1000ге чукул адамды жумуш орду менен камсыз кылууда, алардын басымдуу бөлүгүн Талас облусунун тургундары түзөт.
Тоо-кен ишканасы республикалык бюджетке киреше салыгын, кошумча нарк салыгын, пайда салыгын, ошондой эле лицензияларды кармап туруу үчүн төлөмдөрдү жана бонустарды төлөйт. Мунун аркасында 2026-жылдын 9 айында эле мамлекеттик казынага 20 млрд сом которулган.
“Мурда Кумтөрдөн түшкөн 5 млрд сом кирешеге кубансак, бүгүнкү күндө Жерүйдүн бир эле кени төрт эсе көп киреше түшүрүп жатат”, — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.



