Түркиянын Стамбул шаарында VI “Коркут Ата” Түрк дүйнөсүнүн кинофестивалынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Маданият министрлигинен билдиргендей, фестивалды Каныбек Калматовдун “Айтматов” тасмасы ачты. Фильмде залкар жазуучунун өмүр жолу, балалык чагы, чыгармачылык калыптанышы жана дүйнөлүк адабиятка кошкон салымы чагылдырылган.
VI «Коркут Ата» Түрк дүйнөсүнүн кинофестивалы 2026-жылдын 7-ноябрына чейин уланат.



