Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көлдөгү “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагынын курулуш иштеринин жүрүшүн көрдү.
Министрлер кабинетинин төрагасы билдиргендей, долбоор боюнча кеңсе борборлорун, турак жай комплекстерин, туристтик жана курорттук объекттерди куруу каралган.
“Тамчы” АФИА эл аралык инвестицияларды тартуу, финансылык кызматтарды, IT жана финтех тармактарын, логистика менен туризмди өнүктүрүү максатында түзүлгөн.



