Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Маалымат жана басма сөз күнүнө карата журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктап, ЖМК өкүлдөрүнө борбор калаанын өнүгүшүнө кошкон салымы жана кесиптик ишмердүүлүгү үчүн мэриянын Ардак грамоталарын жана кол сааттарын тапшырды.
Мэр журналисттер менен кызматташуунун, шаардагы көйгөйлөрдү объективдүү чагылдыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Иш-чарага редакторлор, журналисттер, басма сөз кызматкерлеринин өкүлдөрү катышты.



