Бишкектин Ак-Тилек конушунда 80 балага ылайыкталган жаңы бала бакча пайдаланууга берилди.
Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, №80 “Баластан” бала бакчасынын имараты 1041 чарчы метрди түзөт. Ачылыш аземине мэр Айбек Джунушалиев катышты.
Жаңы мекеме конуштагы балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууга шарт түзөт.



