Ош шаарында 6-ноябрда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Салижан Жигитов атындагы орто мектептин ачылыш аземине катышты.
Министрлер Кабинетинин маалыматына ылайык, жаңы мектепте заманбап класстар, китепкана, ашкана жана футбол, волейбол, баскетбол аянтчалары бар. Мектептин курулушуна Турукташтыруу фондунан 1 млрд сомго жакын каражат жумшалган.
Мектеп 1200 окуучуга ылайыкталып, эки сменде 2500 бала билим ала алат.



