Өзгөчө кырдаалдар министрлиги катуу шамал болушу мүмкүн экенин эскертип, шашылыш билдирүү жасады.
Маалыматка ылайык, жакынкы бир саатта Бишкек шаарында, ошондой эле Чүй өрөөнүндө батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–17 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Буга байланыштуу министрлик тургундарды этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырды.



