Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Түп айылында 750 окуучуга ылайыкталган мектеп курулууда.
Курулуш министрлиги маалымдагандай, жалпы наркы 438 миллионду түзгөн мектеп, республикалык бюджеттен каржыланган.
Мектеп эки кабаттан туруп, анда негизги предметтер боюнча окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы жана спорт зал каралган.



