Ала-Арчада дайынсыз болуп, изделип жаткан 15 жаштагы Амирдин сөөгү табылды.
ӨКМден маалым болгондой, 15 жаштагы Амирдин сөөгү Электро чокусу жактагы таштардын арасынан табылган.
Өспүрүм 7-ноябрда дайынсыз жоголгон. Ал үйүнөн Ала-Арчадагы чуркоо мелдешине барарын айтып чыккан. Бирок жаш курагына байланыштуу мелдешке катыштырылган эмес. Андан кийин Адыгене капчыгайын көздөй жалгыз кеткен.
Анын тоңуп каза болгону болжолдонууда.



