Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 0–13 мм фракциядагы чачылма көмүрдү ташып келүүгө, сатууга, сактоого жана пайдаланууга тыюу салынган.
Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы бул талаптардын аткарылышын текшерүү үчүн көмүр кампаларында рейд жүргүзүүдө.
Текшерүү учурунда адистер көмүрдүн фракциялык курамын жана радиациялык фонун аныктап жатышат.
Белгилей кетсек, Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 6-октябрындагы токтомуна ылайык, жылуулук менен камсыздоочу ишканаларга жеткирүүдөн тышкары, майда фракциядагы көмүрдү колдонууга тыюу салынган.



