7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров бир катар жетекчиге мамлекеттик сыйлык тапшырды

3

Президент Садыр Жапаров 9-ноябрда ШКУ саммитин, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштурууга салым кошкон жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Садыр Жапаров иш-чараларды даярдоону жана өткөрүүнү түздөн-түз камсыздаган жетекчилердин салымына өзгөчө токтолду;

Алар, Президенттин Администрациясынын жетекчиси, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев — “Эмгек Баатыры” артыкчылык даражасы

Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев — I даражадагы “Манас” ордени

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин жана ички иштер министри Улан Ниязбековдун эмгегин баса белгиледи.

“Мамлекеттик сыйлык – бул мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн жогорку ишеним, ак эмгекке берилген баа жана мындан аркы иштерге болгон чоң жоопкерчилик. Мен мамлекетке кызмат кылуу конкреттүү иш менен далилдениши керектигин дайыма айтып келем. Бизге кагаз жүзүндөгү отчеттор эмес, көзгө көрүнгөн, эл билген натыйжалуу иштер жана мамлекетибиздин өнүгүшүнө кошулган реалдуу салым керек”, — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Сөзүнүн соңунда Президент Садыр Жапаров сыйлангандарга кесиптик жана коомдук ишмердүүлүгүндө мындан аркы ийгиликтерди каалады.

4