2021–2026-жылдары мамлекеттик менчикке 1 миң 927 кыймылсыз мүлк объектиси жана мүлк комплекси өткөрүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бексултан Токонов билдирди.
Анын айтымында, агенттик мамлекеттик мүлктүн пайдаланылышын көзөмөлдөп, натыйжасыз колдонулган объектилерди мамлекетке кайтарып, зарыл учурда аукционго чыгарат.
Ошондой эле мамлекеттик мүлктү министрликтерге, мекемелерге жана ишканаларга мөөнөтсүз пайдаланууга же ыкчам башкарууга өткөрүп берүү каралган.



