Президенттин Администрациясынын Жетекчиси — Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 10-ноябрь Кыргызстандын Жаштар күнүнө карата куттуктоо жолдоду.
Ал кайрылуусунда жаштар калктын жарымына жакынын түзөрүн белгилеп, алардын сапаттуу билим алып, кесиптик жактан өнүгүп, коомдо өз ордун табуусу өлкөнүн келечеги үчүн маанилүү экенин айтты.
Ошондой эле 2030-жылга чейинки улуттук өнүктүрүү программасында жаштардын социалдык өнүгүүсүнө, санариптик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, иш менен камсыз болушуна жана жарандык демилгелерин колдоого өзгөчө көңүл бурулганын белгиледи.



