Кыргызстанда 7,7 млн долларлык сүттү кайра иштетүүчү жана сүт азыктарын өндүрүүчү завод курулууда.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маалыматына ылайык, агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров “Нукура Про” ЖЧКсынын долбоору менен таанышты.
Завод ишке кирсе, сүттү кайра иштетүү көлөмү көбөйүп, жаңы жумуш орундары түзүлөт. Ошондой эле эл аралык стандарттарга жооп берген экспорттук продукция өндүрүү пландалууда.



