Өлкөдө жугуштуу эмес жана онкологиялык ооруларды аныктоо, дарылоо жана шашылыш жардам көрсөтүү боюнча 60тан ашык алгоритм иштелип чыкты.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жүрөк-кан тамыр, бөйрөк ооруларын, сепсис жана шоктук абалдарды дарылоонун бирдиктүү стандарттарын киргизүүгө көңүл бурулууда. Ал эми бүгүнкү күндө Бишкекте медициналык мекемелердин адистери үчүн жаңы алгоритмдерди колдонуу боюнча окутуу тренингдери өткөрүлүүдө.



