Бишкекте Айни көчөсүнүн Махатма Ганди көчөсүнөн Алышев көчөсүнө чейинки 500 метрлик бөлүгү унаа кыймылына ачылды.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, жол куруу иштери толугу менен аяктады. Долбоор жол-транспорттук инфраструктураны жакшыртууга жана тургундар үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.