Бишкекте өткөн “Борбордук Азия – Кытай” форматындагы курулуш министрлеринин экинчи жолугушуусунда эки жыйынтыктоочу документке кол коюлду.
Алардын бири жолугушуунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү болсо, экинчиси 2027–2028-жылдарга карата курулуш тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү планы бар.
Кол коюлган документтер аймак өлкөлөрүнүн курулуш тармагындагы кызматташтыгын кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.



