Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков 12-ноябрда Бишкек ЖЭБинин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди.
Ал станциянын өндүрүштүк жайларын кыдырып, жабдуулардын абалы жана отун кору менен таанышты.
Жумушчу жыйында электр жана жылуулук энергиясын үзгүлтүксүз камсыздоо, жабдуулардын ишенимдүүлүгү жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу маселелери талкууланды. Тиешелүү жетекчилерге энергетикалык объектилердин туруктуу иштешин камсыздоо жана отун корун көзөмөлдөө тапшырылды.



