Бишкекте 14-ноябрда жалпы шаардык көчөт отургузуу акциясы өтөт. Анын алкагында Манас көчөсүнө бийиктиги 3–6 метр болгон 6 миң түп бак отургузуу пландалууда.
Иш-чара саат 09:00дөн 11:00гө чейин өтөт. Ага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары катышат.
Каалоочулар үчүн чогулуу жери Бишкек мэриясынын имаратынын алды.
Катышуу үчүн алдын ала 0555 213 155 номери аркылуу билдирүү керек.



