Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө шаарында наркы 97 миллион сомду түзгөн 120 орундуу бала бакча курулууда. Долбоор Турукташтыруу фондунан каржыланып, курулуш иштерин “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө.
Курулуш министрлиги билдиргендей, эки кабаттуу имараттын негизги бөлүгү тургузулуп, жумуштардын 85 пайызы аткарылды. Жалпы аянты 1321 чарчы метрди түзгөн бала бакчада уктоочу, оюн жана окуу бөлмөлөрү, ашкана, дарыгердин кабинети каралган. Ошондой эле балдар үчүн оюн аянтчасы курулууда.



