Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгинде жөө жүргүнчүлөр жана велосипед сүйүүчүлөрү үчүн дагы 2 чакырымга жакын жол курулду.
Ош шаарынын мэриясынын маалматына ылайык, жаңы жол Ак-Буура сейил багынан башталып, Токтогул сейил багына чейин уланып, Б. Осмонов көчөсүнө чыгат.
Мэр шаар тургундары үчүн сейилдөө, эс алуу жана велосипед тебүү шарттарын мындан ары да жакшыртуу иштери улантыларын белгиледи.



