Бүгүн, 16-ноябрда Түп–Кеген унаа жолунда кар тазалоо иштери уланууда. Учурда аймакта кардын калыңдыгы 35–40 сантиметрге жетти.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жолчулар түнү бою жолду кардан тазалап, унаалардын коопсуз өтүүсүн камсыздоо иштерин жүргүзүүдө. Учурда каттам бар.



