Жалал-Абад облусунда алгачкы жолу “Жылдын мыкты мугалими” кароо-сынагы уюштурулду. Ага 10 предмет боюнча 101 мугалим катышууда.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, облус жетекчиси Тилек Текебаевдин демилгеси менен өтүп жаткан сынак 18-ноябрга чейин уланат. Катышуучулар тестирлөө, мастер-класс жана ачык сабак өтүү баскычтарында күч сынашат.
Баш байгеге Chevrolet Spark үлгүсүндөгү унаа коюлган, дагы төрт жеңүүчү баалуу белектер менен сыйланат.



