7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Ош тазалык” муниципалдык ишканасына жаңы техникалар тапшырылды

3

Ош шаарындагы “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасына жаңы атайын техникалар тапшырылды. Алар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) жана Европа Биримдигинин колдоосу менен гранттык негизде алынган.

Ош мэриясы билдиргендей, жаңы техникалардын арасында экскаватор-жүктөгүч, үч таштанды ташуучу унаа, алты контейнер жана таштанды ныктай турган атайын жабдуулар бар.

Шаар мэри Жанарбек Акаев Европа Биримдигинин өкүлү Йоханнес Баур менен жолугуп, шаардагы таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу иштерин талкуулады.

Белгилей кетсек, бул багыттагы долбоор 2016-жылдан бери ишке ашырылып келет. Учурда жаңы санитардык полигон куруу жана эски таштанды жайын рекультивациялоо иштери жүрүүдө.

 

4