Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу департаменттин директору Зарылбек Каратаев «Асыл тери» заводу үчүн курулуп жаткан саркынды сууларды тазалоочу курулманын курулушу менен таанышты.
Объект Ысык-Ата районунун Нурмамбет айыл аймагындагы Чүй агроөнөржай аймагында жайгашкан. Курулуш иштери 2026-жылы башталган. Курулма заводдун өндүрүштүк жана тиричилик саркынды сууларын тазалоого арналган.
Анын негизги өзгөчөлүгү — суунун курамындагы күкүрт менен хромду тазалоо мүмкүнчүлүгү. Саркынды суулар бир нече баскычтан өтүп, тазаланат.
Объект ишке кирсе, саркынды сууларды тазалоонун сапаты жогорулап, айлана-чөйрөгө тийгизген экологиялык таасир азаят. Курулманы 2027-жылы пайдаланууга берүү пландалууда.



