Бишкектин төрт районунда көмүр базалары үзгүлтүксүз иштеп, шаар тургундарына катуу отун сатылууда.
Мэриянын маалыматына ылайык, Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы 7 миң сомдон, Шабыркүл көмүрү 7 800 сомдон сатылууда. Башка маркадагы көмүрлөрдүн баасы 7 200–8 000 сомго чейин жетет.
Учурда Ленин районунда 13, Свердлов жана Биринчи Май райондорунда 9дан көмүр базасы иштейт. Октябрь районунда да көмүр сатуу уюштурулган.
Тиешелүү кызматтар көмүрдүн запасын жана бааларын көзөмөлдөп жатышат. Мэрия тургундарды кышка алдын ала даярданууга чакырды.



