7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Салык кызматы: Беш жылдагы беш чоң өзгөрүү

6

2026-жылдын он айында мамлекеттик бюджетке 338 миллиард сомдон ашык салык чогултулду. Акыркы беш жылда өлкөнүн салык системасында да бир катар өзгөрүүлөр болду.

Салык төлөө жеңилдеди. Салык кызматтарынын басымдуу бөлүгү электрондук форматка өттү. Онлайн кызматтарды колдонгондордун саны 1миллион 700 миңден ашты.

Жаңы технологиялар киргизилди. “Салык Күзөт” тутуму ишке кирип, базарларда жана ири соода борборлорунда салык төлөө процесстери санариптештирилди.

Бюджетке түшкөн салык көбөйдү. 2021-жылы 105 миллиард сом салык чогултулса, 2025-жылы бул көрсөткүч 308 миллиард сомго жеткен. Ал эми 2026-жылдын он айында 338 миллиард сомдон ашты.

Ишкерлер менен кызматташтык күчөдү. Салык кызматы бизнес өкүлдөрү менен ачык диалог жүргүзүп, алардын көйгөйлөрүн биргелешип чечүүгө көңүл бурууда.

Салык жеңилдиктери берилди. Айыл чарба жерлери, тигүү жана текстиль тармактары, креативдүү индустрия жана чакан бизнес үчүн бир катар жеңилдиктер киргизилди. Ошондой эле транспорт салыгы жоюлуп, жеке жарандар үчүн жалпы декларация тапшыруу милдети жокко чыгарылды.

Бул өзгөрүүлөр салык төлөөчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүүгө, ишкерликти колдоого жана мамлекеттик бюджеттин кирешесин көбөйтүүгө багытталган.

7