“Ала-Тоо Резорт” курортунун жетекчилиги Жыргалаңга сапар жана транспорт кызматтарын сунуштаган белгисиз адамдарга алдын ала акча которбоого чакырды.
Мекеменин маалыматына караганда, курорттун ачылышына байланыштуу социалдык тармактарда жалган сунуштар көбөйгөн. Жарандарга кызмат көрсөтүүчүлөрдүн аныктыгын текшерүү эскертилди.
Ошондой эле Жыргалаңга баргандарга кышкы жол шарттарын эске алып, өтүмдүүлүгү жогору төрт дөңгөлөгү тең тарткан унаа менен баруу сунушталды.



