Бишкекте 26-ноябрда жаштар үчүн бош жумуш орундарынын жарманкеси өтөт. Анда 40тан ашык иш берүүчү 4 миңден ашык бош орун сунуштайт.
Миграция министрлигинен билдиришкендей, иш-чара саат 10:00дө Кыргызстандын Эл аралык университетинде башталат.
Катышуучулар иш берүүчүлөр менен жолугуп, маектешүүдөн өтүп, жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ошондой эле мектеп окуучулары үчүн кесипке багыт берүүчү тесттер жана экскурсия уюштурулат.



