Күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн мунай заттарын жеткирүүчүлөргө субсидия берүү механизмин сактоо зарыл.
Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, өкмөт мунай тартыштыгынын алдын алуу максатында субсидия берүү чечимин кабыл алган.
«Менимче, субсидия берүү чечими туура болгон. Мамлекет жеткирүүчүлөрдүн кошумча чыгымдарын компенсациялаганда, рыноктун бардык катышуучулары үчүн бирдей шарт түзүлөт. Негизги жеткирүүчүлөр комиссиянын кароосунан өтүп, керектүү документтерин тапшырат. Андан кийин мамлекет алардын кошумча чыгымдарын төлөп берет», — деди ал.
Шыкмаматов айрым салыктарды алып салуу же КНСтен бошотуу кошумча административдик түйшүк жаратарын белгиледи. Анын пикиринде, дүйнөлүк рыноктогу туруксуздук шартында субсидия берүү ылайыктуу убактылуу чара болуп саналат.



