Каракол шаарында 1000 адамды кабыл алууга ылайыкталган заманбап конгресс-холлдун курулушу жүрүүдө.
Курулуш министрлиги маалымдагандай, жердин жалпы аянты 1,6 гектарды түзөт. Долбоорду “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы ишке ашырууда. Курулуш иштери Турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланат.