Бүгүн, 24-ноябрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.
Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн +7…+12 күндүз +15…+20
Таласта түнкүсүн +3…+8 күндүз +12…+17
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6…+11 күндүз +16…+21
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…+5 күндүз +7…+12
Нарында түнкүсүн -9…-4 күндүз +6…+11
Бишкекте түнкүсүн +9…+11, күндүз +16…+18 градус.



