Кыргызстанда тартылган «2001» көркөм тасмасынын расмий постери тааныштырылды. Фильм белгисиз вирустун жайылышынан улам бир нече сааттын ичинде башаламандыкка кабылган шаардагы окуяларды баяндайт.
«2001» — «Эненин бейиши» («Рай под ногами матерей») жана «Нелегал: Мексика аркылуу» тасмаларын жараткан чыгармачыл топтун жаңы долбоору. Фильм кыргыз киносунда жаңы багытты ачкан эмгек катары сунушталууда.
Тасманы Egemen жана AZO Originals студиялары Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын колдоосу менен тарткан. Режиссёру — Руслан Акун.
Окуя 2001-жылдын 1-сентябрында Аманат шаарында башталат. Белгисиз вирустун жайылышынан улам эки күндүн ичинде шаар кырсык аймагына айланат. Вирусту жуктуруп, акыл-эсинен ажыраган адамдар башкалар үчүн чоң коркунуч жаратат. Армия шаарды толугу менен курчоого алып, сыртка чыгууга бөгөт коёт. Ал эми жергиликтүү мектепте жана ооруканада калган аман калгандар ачкачылык менен суусоого карабай, кооптуу шаардан чыгып кетүүнүн жолун издешет.
Фильмде сүйүү, ата-энелик жоопкерчилик жана адамдын оор кырдаалдагы кайраты чагылдырылат.
Тасманын съёмкалары 2026-жылдын август жана сентябрь айларында өткөн. Айрым эпизоддорду тартуу үчүн Кыргызстанга атайын техникалар алынып келип, чет өлкөлүк адистер чакырылган. Долбоорго бир нече өлкөнүн кинематографисттери катышкан.
Башкы ролдорду Эмиль Эсеналиев, Айсанат Эдигеева, Өмүрбек Израилов, Нуркыз Токтогонова, Улан Омуралиев жана башка актёрлор аткарышкан.
«2001» тасмасынын бет ачары 2026-жылдын 24-декабрында өлкөнүн бардык кинотеатрларында өтөт. Андан соң фильм Казакстан менен Өзбекстанда да кеңири прокатка чыгат.



