2027–2028-жылдары кыргыз тилиндеги мультфильмдерди тартууга 200 млн сом бөлүү каралууда.
Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев билдирди.
Анын айтымында, 2026-жылы бул максатка 50 млн сом бөлүнгөн. Эми каржылоону көбөйтүү боюнча токтом долбоору каралып жатат.
“Мамлекеттик тилдеги мультфильмдерди жаратуу үчүн бюджет көбөйтүлүп, 2026-жылдагы программанын алкагында 50 млн сом бөлүнгөн. Министрлер кабинетинин төрагасынын тапшырмасы менен бул багытта иштерди көбөйтүү максатында 2027-2028-жылдарга карата бюджетти 200 млн сомго көбөйтүү боюнча токтом долбоору каралууда», — деди Мураталиев.
Ошондой эле мектепке чейинки курактагы балдар үчүн кыргыз тилиндеги жомок китептерин басып чыгаруу иштери жүрүүдө.



