7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Добуш сатып алуунун элге да, саясатчыларга да сабак болушун далилдешибиз керек

580

«Добуш сатып алууну элге да, саясатчыларга да сабак болушун далилдешибиз керек», — дейт өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда жаңы Конституцияга кол коюп, бул тууралуу элге кайрылуусунда.

Анын айтымында, жакын арада шайлоо тууралуу Конституциялык мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт.

«Бул жолку шайлоонун таза өтүшүн камсыздоо милдети турат. Анткени административдик кийлигишүүгө тыюу салганыбыз менен добуштарды сатып алуу сындуу көрүнүштөр кечээки жергиликтүү шайлоолор маалында байкалды. Мындай көрүнүштөрдү түп тамырынан бери жок кылабыз. Буга күчүбүз да, эркибиз да жетет. Мен ишенем, Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү шайлоолор боюнча адилеттүү чечим чыгарат деп. Биз добуш сатып алуу менен шайланып келүү мүмкүн эмес экендигин эскертип, мындан ары элге да, саясатчыларга да сабак болушун далилидешибиз керек», — дейт ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

581