Бүгүн, 5-майда Президент Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол койду.
Ал өлкөдөгү бир нече негизги маселелерге токтолуп, аларды чечүүгө ар бир кыргызстандыктын салымы зор экенин баса белгиледи.
«Былтыркы жылы мамлекетибиз үчүн абдан оор жыл болду. Ички дүң продукциянын өсүш темпи дээрлик 9%га төмөндөдү. Бул акыркы 20 жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч. Бюджеттин дефицити мурдагыга караганда 3 эсеге өсүп, ички дүң продукцияга карата 3%ды түздү. Ал эми жыл соңуна карата тышкы карызыбыз ички дүң продукцияга карата 58%ды түзүп, эң эле опурталдуу чекке жетти. Улуттук кызыкчылыктарды коргобостон инвестицияны кор тутуунун натыйжасында стратегиялык тармактарыбыз, энергетика жана тоокен тармактары жабыркады. Айыл-чарбасы майда товар өндүрүүнүн деңгээлинен көтөрүлө албай өнүмдүүлүгү жогорулады. Экономикалык кыйын кырдаал элибиздин социалдык абалын күн санап оорлотууда. Биз билекти түрүнүп, белди бекем бууп алдыга карай иш аракеттерибизди күчөтүшүбүз керек», — дейт ал өз кайрылуусунда.