Бүгүн, 5-май Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда (жалпы элдик добуш берүү) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына кол койду. Иш-чара «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында болуп өттү.
Мамлекет башчысы ошону менен бирге «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 11-апрелдеги жаңы Конституция боюнча референдумга добуш берүүдө, шайлоочулардын 79%дан ашыгы “макул” -деп добушун бергендигин кабарлады.