«Ата-Мекен бирөө, аны сактап калуу үчүн баарыбыз жапырт кол кабыл кылалы!» -деген Ата-Мекендик такси тейлөө кызматы бир жумадан бери, тажиктер тарабынан үй-жайы талкаланып, жакындарын жоготуп, жабыркаган жарандарды акысыз тейлеп, өз салымын кошууда.
Баткен шаарында жана Лейлек, Баткен райондорунда үй жайынан ажырагандар азыр да буюмдарын ташууга РИО таксиден акысыз пайдаланса болот. Бул тууралуу аталган тейлөө кызматынын жетектөөчү адиси Гүлнура Айникеева 7tv.kg сайтына билдирди.
«Биз бир жумадан бери чек ара чырынан жабыркагандарды колдоо иретинде акысыз ташуу идеясын ишке ашырып жатабыз. Ушул аралыкта чалып чакырган ар дайымкы кардарларыбыз пайдаланып жатат. Даагы да кайрылуучулар болсо, ооруканага барууга же буюмдарын ташууга такси кызматы керек болсо бизге кайрылса болот. Албетте, акысыз, айткан дарегине жеткирип коё алабыз» -дейт Айникеева.
Айникеева мындан сырткары «Элдик штаб» менен биргеликте социалдык баракчалар аркылуу Ош шаарынан жардам беребиз деген үй кожейкелери жана башка кайрымдуу адамдардан 26 миң сом жана бир Фура тиричилик буюмдарын топтоп Максат айылына жеткирип берген.
Негизинен үй тиричилигине зарыл болгон күнүмдүк буюмдар, челек, табак, дасторкон, майлык, сүлгү, электро чайнек, тазик, балдардын горошогу, памперс жана жуунучу каражаттар алынган.
Мындан сырткары элден 2 телевизор, 3 коляска, 1 бешик жана төшөк жууркандар, кийим кечелер чогулган. Аны РИО таксинин кызматкерлери 1 күн иреттеп, 1 фурага толгондо жеткирип беришкен.