Ош шаарында таза суу берүү кайрадан белгисиз мөөнөткө токтойт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров кабарлады.
«Суу камдап алыңыздар! 1,2 сааттын ичинде Юго-Восток, Манас-Ата, Туран кичи райондорунан жана Достук, Калинин массивдеринен тышкары шаардын башка аймактарында суу токтойт. Анткени жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, суу ылайланган» -дейт мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров.
Эске салсак, 7-май катуу жааган жамгырдан улам Ак-Буура дарыясыфнын суусу ылайланып, шаар ичине таза суу берүү 2 күнгө токтотулган. Ал аралыкта мэрия шаар тургундарына атайын водовоз менен таза суу жеткирип берип турган.
Кече эле берилген таза суунун, кайра өчүрүлүүсу шаар тургундарынын нааразычылыгын жаратты. Айрымдар Ош шаардык суу чарба ишканасынын көп жылдан берки жетекчиси Дөөлөтбек Көкөчоровдун кызмат ордун кароону сунушташууда.
Мэриянын басма сөз кызматы бүгүн таза суу маселеси боюнча мэрияда жыйын болоорун айтты.
Белгилүү болгондой буга чейин 2 ирет, суу башына резервуар куруу долбоору ишке кирип, натыйжа чыкпаган.
Ал ошондой эле таза суу маселесин чечүүгө, башкача айтканда «Данги» талаптан шаар ичине таза суу тартып келүү долбоору иштелип чыгып, учурда инфестор изделип жаткандыгын айтты.
Белгилей кетсек буга чейин, эл аралык фонддун колдоосу менен атайын резервуар курулуп, технология туура келбей калгандыктан, ишки кирбей калган. (Бул тууралуу кененирээк макала чыгат).