Максат айылында өрттөлгөн үйлөрдүн ордуна жаңы турак үйлөрдүн курулушу башталды. Бул тууралуу Баткендин губернаторунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн, 11-майда Баткен облусунун губернатору Абдикарим Алимбаев Лейлек районунун Максат, Сада, Интернационал айылдарына барып, эл менен жолугушкан.
Курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жергиликтүү жетекчилерге, тазалоо иштери аяктаган жерлерде, турак үйлөрдүн курулушун бүгүн, 11-майда баштоо жоопкерчилиги артылды.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан Максат айылында 89 үй, мектеп, бала бакча, ФАП, милициянын аймактык пункту, айыл башчынын имараты өрттөлүп, жараксыз абалга келген. Азыркы учурда айылда 50гө жакын убактылуу үйлөр тигилген. Максат айылында 1200 эл, 288 кожолук жашайт. Айылда чек арадагы жаңжалда бир жаран каза болгон.