7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сак бол! Коронавирустан каза болгондордун саны өсүүдө

549

Кыргызстанда бир сутка ичинде 379 адамдан COVID-19 илдети аныкталып, 7 бейтап каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улукбек Бектурганов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымына, Бишкекте – 240, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 103, Ош облусунда – 1, Талас облусу – 2, Нарын облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусу — 5 адамдан илдет аныкталган.

Ал эми бир сутка ичинде 304 адам коронавирустан айыгып чыкты. Алсак, Бишкекте – 191, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 75, Ош облусунда – 3, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 17, Жалал-Абад облусунда — 7 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 703 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 542 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 152 бейтаптын абалы орто оордукта, 447 адамдын абалы оор жана 95 бейтап өтө оор абалда жатат.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 710 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 505 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 440 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп билдирди министрдин орун басары.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 99 миң 33 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 92 миң 120 киши айыгып чыкса, 1 миң 667 адам каза болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

550