7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Курбусун бычактап өлтүргөн 85 жаштагы карыя психбольницага жөнөтүлдү

628

Чүй облусунун Панфилов районунда 85 жаштагы эркек киши чогуу тамактанып отурган аялды бычактап өлтүргөн. Айыпталуучунун айыбы алынып, дарылоо үчүн психикалык ооруканага жөнөтүштү. Бул тууралуу токтом Жогорку Соттун сайтына жарыяланган.

Маалыматка ылайык, айыпталуучу 85 жаштагы Валихан маркум Бурманын үйүнө барган, алар спирт ичимдигин ичип отурушкан. Андан соң жанында отурган аялдын төш жагына ашкана бычагы менен бир нече ирет сайган. Маркумдун денесинин башка дагы бөлүктөрүнө зыян келтирилген. Ал эми аял алган жараатынан ошол жерден жан берген.

Экспертиза Валиханды өзүн-өзү башкара албайт деген бүтүмгө келген. Ошондой эле Валиханды психикалык ооруканага күчөтүлгөн режимде дарылатуу керектигин сунуштаган. Ал арада соттолуучуга карата козголгон кылмыш ишин токтотууну суранган.

Сот Валиханга карата козголгон кылмыш ишин кыскартуу жана ага карата медициналык мажбурлоо чараларын күчөтүлгөн көзөмөл менен Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айылынын Республикалык психиатриялык ооруканасына жаткыруу жөнүндө чечим чыгарды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

629