Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы Кара-Суу дарыясына түшүп кеткен аял изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 25-майда Кара-Суу дарыясындагы адамдар өтүүчү асма көпүрөнүн жанында белгисиз аялдын кийимдери табылып, ал 1967-жылы туулган К.К. аттуу аялга таандык экени аныкталган.
«Кечээ суунун жээгинде 20 чакырым аралыгында издөө иштерин жүргүзүлгөн. Натыйжа болгон эмес. Бүгүн издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн ӨКМден 15 куткаруучу, ИИМден 5 кызматкер кызматкер тартылды», — деп айтылат маалыматта.