7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда өткөн суткада 494 адамдан COVID-19 табылып, 5 бейтап каза болду

502

Кыргызстанда коронавирус 10-июнга карата дагы 494 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 224, Ош шаарында – 80, Чүй облусунда – 73, Ош облусунда – 47, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 22, Жалал-Абад облусунда – 27, Баткен облусунда – 10 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир сутка ичинде 351 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 207, Ош шаарында – 23, Чүй облусунда – 61, Ош облусунда – 13, Талас облусу – 2, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 25, Жалал-Абад облусунда – 11, Баткен облусунда – 4 адам сакайды», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 2, Чүй облусунда – 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 893 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 137 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 229 бейтаптын абалы орто оордукта, 536 адамдын абалы оор жана 101 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 19 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 814 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 654 медкызматкер айыгып чыкты.

Эскерте кетсек, пандемия башталгандан бери 108 миң 667 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 101 миң 715 киши айыгып чыкса, 1 миң 869 адам каза болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

503