7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Алай» футбол клубуна жаңы жетекчи болуп Улан Алымканов дайындалды

743

Акматбек Сүйүмбаев атындагы Ош шаардык стадионунун жана «Алай» футболдук клубу муниципалдык ишканасынын директору болуп Улан Алымканов дайындалды. Бул тууралуу жергиликтүү басма сөз билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы жетекчини вице-мэр Эмил Шадыханов стадиондун жамаатына жана клубдун футболчуларына тааныштырды.

«Ош шаарынын мэринин тапшырмасы — футболду өнүктүрүү. Футболчулар менен жетекчилик тыгыз иштешип, ийгилик жаратышы керек. Стадиондо бир гана футбол эмес, башка спорт түрлөрүн да уюштуруп тургула. Стадиондун шарты бир топ жакшыртылган», — деди вице-мэр.

Эскерте кетсек, «Алай» футбол клубунун мурдагы жетекчиси Алмазбек Сулайманов өз арызынын негизинде кызматтан кеткен.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

744