7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мээрим Жуманазарова Poland Open мелдешинде коло медалдын ээси болду

1192

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Польшада өтүп жаткан күрөш боюнча Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open мелдешинде коло медалдын ээси болду. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун расмий сайтына берилди.

Маалыматка ылайык, мелдеш 8-13-июнь күндөрү Варшава шаарында өтүүдө.

Жуманазарова 68 кг салмакта алгач польшалык, кийин украиналык спортчуларды жеңип жарым финалга чыкты. Жарым финалда франциялык кызга утулуп, коло үчүн күрөшүүгө чыкты.

Үчүнчү орун үчүн кармашууда кыргызстандык спортчу канадалык Даниэль Сюзанна Лаппажды 3:1 эсебинде утуп алды.

Эскерте кетсек, аталган мелдеште Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта атаандаштарынын баарын жеңип, алтын алган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1193