Бишкекте аялдын автоунаасын айдап качкан 22 жана 23 жаштагы жарандар кармалып, эки айга камалды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-июнь күнү Ленин райондук ички иштер башкармалыгына У.М. аттуу аял кайрылып, автоунаасын уурдап кеткен адамдарды таап берүүнү өтүнгөн. Аялдын айтымында, 1-июндан 2-июнга караган түнү болжол менен саат 01:00дөр чамасында Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан үйдүн короосунан белгисиз адамдар «Honda Odyssey» үлгүсүндөгү автоунааны айдап кетип из жашырган.
Аталган факт Жазык кодексинин 206-беренеси («Автотранспортту айдап качуу») боюнча каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
«Издөө иштеринин натыйжасында Ленин райондук милициянын өкүлдөрү 2 жигитти кармады. Алар тергөө кызматына жеткирилип, Жазык-процессуалдык кодексине ылайык, убактылуу кармоочу жайга киргизилген», — деп берилет маалыматта.
Белгилей кетсек, уурдалган автоунаа Чүй облусунун Сокулук районунан табылып, ээсине кайтарылып берилди.